«Барселона» футбол академиясына кабыл алуу башталды

«Барселона» футбол академиясына кабыл алуу башталды.

 

Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей, жараян 15-сентябрда академиянын аймагында өтөт. Ага ылайык, 6 жаштан 12 жашка чейинки балдарды кабыл алуу жана 13 жаштан 18 жашка чейинки оюнчуларды тандоо жүргүзүлөт.

 

Жаш футболчуларга испандык машыктыруучулар менен футболдун каталондук ыкмасын үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

 

Андан тышкары, академиянын окуучулары эл аралык мектепте билим алууга мүмкүнчүлүк алышат.