Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында жаңы форматтагы калкты тейлөө борбору ачылды

Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында жаңы форматтагы калкты тейлөө борбору ачылды.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат кызматынан билдиришкендей, борбор спорт сарайында

жайгашат жана ал 40 калктуу түйүндү өзүнө камтыйт. Мекемеде ЗАГС, паспорт берүү жана калкты каттоо,

ошондой эле документтерди кабыл алууга касса, нотариус, фото салон, сурап-билүү кызматтары бар.

Белгилеп кетсек, аталган калкты тейлөө борбору ачылганга чейин

мындай кызматтар ар башка мекемелерде көрсөтүлүп келген.