Пандемиянын туризмге тийгизген терс таасиринен улам
дүйнөлүк экономика триллион доллар жоготууну улантууда.
Бул тууралуу Бирикке улуттар уюмунун эксперттери жарыялашты.
Алардын маалыматы боюнча, 2020-жылы чыгым дээрлик 2,5 триллион долларга бааланды. Ушундай эле суммадагы чыгым быйыл дагы болушу ыктымал. Туристтердин саны 1 миллиардга кыскарды. Эксперттердин пикиринде, эл аралык туризм 2023-жылдан эрте калыбына келбейт.