АКШда аял лотереяда джекпот утуп алып, эс-учун жоготуп кое жаздады

АКШда аял лотереяда джекпот утуп алып, эс-учун жоготуп кое жаздады. Мичиган штатынын 56 жаштагы тургуну Рене Шелби автомат аркылуу бир эле билет сатып алган.

 

Анын коргоочу тарабын сүргөндө эле 300 миң доллар же 26 миллион сом утуп алганын билген. Бактысына ишенбей турган аялга Тез жардам талап кылынды, анткени ал дем ала албай калган. Джекпоттун бактылуу ээси учурда бул утуш ага көптөгөн эшиктерди ачып жатканын билдирди.