АКШда эркек түрмөгө отуруу үчүн банкты 1 долларга тоноду

АКШда эркек түрмөгө отуруу үчүн банкты 1 долларга тоноду.  NBC News билдиргендей, 65 жаштагы Дональд Сантакроче банкка кирип келип, кассирге кагаз берген. Анда ал 1 доллар сураган. Кызматкер бул тамаша деп ойлоп, эркектин суранычын канааттандырган.

 

1 долларды алгандан киин Сантакроче полиция чакырууну суранып, аны кармап кетишин күтүп отурган. Мунун себебин эркек түшүндүргөн жок.