Кербенде өрт чыккан оорукананын чатырын калыбына келтирүүгө 6 миллион сом бөлүнөт

Кербенде өрт чыккан оорукананын чатырын калыбына келтирүүгө 6 миллион сом бөлүнөт.

 

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, тилсиз жоо медициналык жайдын чатырын толугу менен жараксыз абалга келтиргени менен, ички имарат жабыркаган жок. Учурда жыйнап-тазалоо жана жабдууларды орнотуу иштери жүрүп жатат.

 

Өрттүн материалдык зыяны такталууда. Эске салсак, Жалал-Абаддын Аксы районунун Кербен шаарындагы ооруканада өрт кечээ чыгып, кызматкерлер жана бейтаптар эвакуацияланган.