Казакстанда 3-августтан тартып карантиндик чектөөлөр жумшартылат

Казакстанда 3-августтан тартып карантиндик чектөөлөр жумшартылат.

Бирок жарандар бир катар эрежелерди сактоо тийиш, — деди саламаттыкты сактоо министри

Алексей Цой. Анын айтымында, жарандар санитардык жана дезинфекциялык режимдерди

сактоо менен маска кийип, эрежеге баш ийүүнү уланынтышы керек. Ооруканаларда бош орундар

70 пайызга жетсе, айрым инфраструктуралык объектилердин иштешине уруксат берилет.

Ошондой эле коомдук транспорт менен бала бакчалар ишин улантып калышы ыктымал.