Акыйкатчы институту аскер бөлүктөрүндө мониторинг баштады

Бүгүнтөн тарта Акыйкатчы институту түзгөн жумушчу топ аскер бөлүктөрүндө мониторинг жүргүзүүнү баштады.

Анын алкагында аскер кызматкерлери, жетекчилер менен жолугушуулар өтүп, соңунда сунуштар камтылган баяндама Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт.

Акыйкатчы институту июль айынын аягында соңку беш жыл ичиндеги армиядагы зордук-зомбулукту иликтөө үчүн жумушчу топ түзгөн.

Анын курамына Башкы прокуратуранын, Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыйноолорго каршы улуттук борбордун жана айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кирген.