Бүгүн түнкү саат 02:30дар чамасында Баткен облусунда очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Жер титирөө Лейлек районунун Жаңы-Турмуш, Катран айылдарында төрт балл, Лейлек, Тогуз-Булак, Маданият айылдарында 3,5 балл, Сүлүктү шаарында 3 баллга чейин сезилген.
Андан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.