Акыркы суткада өлкө боюнча 665 адам коронавирустан айыгып чыкты.
Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматованын айтымында,
айыккандардын басымдуу бөлүгү Бишкекте жана Ысык-Кол, Жалал-Абад облустарында.
Ушуну менен коронавирус жана пневмониядан сакайгандардын жалпы саны 30 миң 764кө жетти.