Сербиянын футбол боюнча курама командасы 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө
чемпионатынын финалдык бөлүгүнө жолдомо утуп алды. Мындай ийгилик сербиялык
футболчулар тандоо турунун акыркы беттешинде португалиялыктарды уткандан кийин жаралды.
Лиссабондо өткөн А тайпасынын оюну 2:1 эсебинде жыйынтыкталды. Криштиану Роналду
башында туруп экинчи болгон команда эми өткөрмө мелдеште ойнойт. Катарга
жолдомону ошондой эле Испания Швециянын 1:0 эсебинде утуп, жеңип алды