Бишкек – Ош унаа жолунда таш түшүү коркунучу бар.
Жалал-Абад Жол көзөмөлдөө башкы башкармалыгы билдиргендей,
аталган тилкенин Кара-Көлдөн Таш-Көмүр шаарына чейинки аралыкта
тынымсыз иштер жүрүүдө. Айдоочуларга этият болуу сунушталат.
Белгилеп кетсек, кечээ Бишкек-Ош трассасынын 406-чакырымына
көлөмдүү 3 таш түштү. Окуя болгон жерге куткаруучулар жана
техникалар тартылды. Жол түнкү саат 12де толук тазаланды.
Тилкени жабуу зарылдыгы катталган жок,
ошондой эле жабыркагандар болгон эмес.