Кореяда EPS системасы боюнча иштеп келген Кыргызстан жарандары
камсыздандыруу суммасын ала алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик
миграция кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда,
бул 2008-жылдан 2020-жылга чейинки камсыздандыруу суммасы
кошулуп эсептелген Кыргызстан жарандарына тиешелүү.
Кошумчаласак, каражатты которуу боюнча тизмеде бар жарандар
Маалыматтык-кеңеш берүү борборуна кайрылуусу зарыл.