Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын боюна үй курууга тыюу салуу сунушталды

Жаратылыш ресурстар министрлиги Бишкектин Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын боюна жаңы үйлөрдү курууга тыюу салууну сунуштоодо. Бул тууралуу мекеменин өкүлү Нурлан Шаршеев билдирди.

 

Ал белгилегендей, жалпысынан бул аймактарда жаңы объектилерди курууга болбойт, бирок айрым курулуш компаниялары эрежеге баш ийбей келет. Мындан улам мораторий киргизүү сунушталууда. Бул өз кезегинде борбордогу абанын абалына жакшы таасирин тийгизет деп күтүлүүдө.