Дагы бир медаль! Темирлан Аманкулов Азия оюндарында коло байге алды

Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан жайкы Азия оюндарында ушу-саньда боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Темирлан Аманкулов коло медаль алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

 

Спортчу оюнга 75 кг салмак ченинде катышты.

 

Бул Кыргызстан курама командасынын Азия оюндарындагы үчүнчү медалы. Буга чейин дзюдочу Эрлан Шеров алтын медаль тагынса, Авазбек Аманбеков ушу-саньда боюнча коло медалга ээ болгон.