Кыргызстанада киргизилген өзгөчө абалга байланыштуу аскер кызматкерлеринин мобилизациясы болбойт

Кыргызстанада киргизилген өзгөчө абалга байланыштуу аскер кызматкерлеринин мобилизациясы болбойт. Бул тууралуу Генералдык штабдын начальниги Райымберди Дүйшөмбиев жарыялады.

 

Анын айтымында, өзгөчө абал учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн күч жетиштүү. Генштабдын башчысы белгилегендей, аскер кызматкерлери тиешелүү экипировка менен камсыздалган. Санитардык коргоочу каражаттар жетишпейт деген маалымат чындыкка дал келбейт.