Кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалуу

Кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. Жеринде эки өлкөнүн расмий өкүлдөрүнүн жолугушуусу уюштурулду. Ок чыгарууну токтотуу макулдашуусу жетишилгенине карабай, тажик тараптан ок чыгарылып жатат, — дешти ведомстводон.

 

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды.

 

Буга Баткендин Булак-Башы жергесинин такталбаган тилкесинде тажик чек ара отрядынын жүргөнү себеп болгон. Алар кыргыз тараптын аймактан чыгып кетүү талабын аткарбай, курал колдонду. Жооп катары Кыргызстандын чек арачылары да ок чыгарууга аргасыз болгону айтылууда.