Бишкектин “Алга” кыздар командасы футбол боюнча Кыргызстандын чемпиону болду.
Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.
Финалдык этапта Бишкек шаарынын командасы жети упай топтоп, 1-орунду камсыздады.
Ал эми Оштун “Каганат” командасы экинчи, Ысык-Көлдүн курамасы үчүнчү орунга илинди.