Улуттук банк октябрь айынан берки биринчи интервенциясын өткөрдү

Улуттук банк октябрь айынан берки биринчи интервенциясын өткөрдү. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, 23,5 миллион доллар сатылды. Бул каржылык операция жыйынтык берген жок.

 

Учурда америкалык валютаны 89 сом 40 тыйындан сатып алып, кайра 89 сом 80 тыйындан сатышууда. Эске салсак, Улуттук банк 2023-жылы жалпысынан 14 интервенция өткөрүп, 655 миллион доллар сатыкка чыгарган.