Америкалык белгилүү актриса Мэрилин Монронун сүрөтү 195 миллион долларга сатылды. Аны америкалык поп-арт сүрөтчү Энди Уорхол тарткан. Муну менен портрет АКШдагы эң кымбат сатылган картина катары рекорд койду.
Сүрөт аукциондо 200 миллион долларга сатылат деп божомолдонуп жаткан, Каражат кайрымдуулукка жумашалат.