Кыргызстанда жабылган унаа мектептеринин саны 18ге жетти

Кыргызстанда жабылган унаа мектептеринин саны 18ге жетти. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

 

Ведомстводон белгилешкендей, жалпысынан 142 унаа мектеби текшерилди. Талаптарга жооп бербеген 18 мектептин лицензиялары артка чакыртылды, ал эми 47 объектке айып салынды.

 

Өлкө аймагында 13 унаа мектеби гана тиешелүү талаптарга жооп бере тургандыгы аныкталды. Ал эми республика аймагында болочок айдоочуларды даярдаган 272 мектеп бар.