Америкалык психологдор бактылуу болуунун сырларын айтты

Америкалык психологдор бактылуу болуунун сырларын айтты. Эксперттердин пикиринде, бул үчүн бардык социалдык тармактардагы аккаунттарды өчүрүү керек. Бул жакындар, достор менен өткөн убакытты көбөйтүп, саясатка кызыгууну азайтат.

 

Башкысы жашоонун субъективдүү сапаты жакшырат, башкача айтканда – адамдар коркуу, депрессия сезимдерине аз кабылып, өздөрүн эркин сезип баштайт.

 

Окумуштуулардын айтымында, психологиялык маселелер менен күрөшүүдө башка ыкмаларга салыштырмалуу, социалдык тармактардан баш тартуу 40 пайызга жакшы жыйынтык берет.