Өлкөнүн ашууларында унаа кыймылына чектөөлөр жок

Өлкөнүн ашууларында унаа кыймылына чектөөлөр жок. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, кооптуу тилкелерде нөөмөт уюштурулуп, жолчулар тарабынан кар тазалоо, инерттүү материал себүү иштери жүрүп жатат.

 

Тоолуу райондор аркылуу сапарга чыгууну пландап жаткан айдоочуларга этият болуп, жол эрежесин жана коопсуз аралыкты сактоо сунушталат.