Америкалык ырчы Тейлор Свифт «жылдын мыктысы» деп табылды

Америкалык ырчы Тейлор Свифт “American Music Awards” музыкалык сыйлыгынын статуэткасын 6-ирет жеңип алды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

 

Тейлор Свифт “Поп-музыка жанрындагы мыкты ырчы”, “Cardigan” видеоклиби үчүн “Мыкты музыкалык клип” номинацияларын дагы жеңди. 30 жаштагы ырчы айым ушуну менен 30-статуэткасын алып, 24 статуэткасы бар Майкл Жексондун рекордун жаңылады.

 

Өткөн жылы “Forbes” журналы Тейлор Свифтти дүйнөдөгү эң көп акча тапкан ырчы деп атаган. Анын бир жылдык кирешеси 185 миллион долларды түзгөн. Аны менен катар эле “Times” журналы ырчы айымды дүйнөдөгү 100 таасирдүү адамдын тизмесине кошкон.