Аномалдуу суук Кыргызстанда үч күнгө созулат

Аномалдуу суук Кыргызстанда үч күнгө созулат. Кыргызгидрометтен кабарлашкандай, Бишкек жана Чүйдө мындай аба ырайы 16-декабрга чейин уланат.

 

Ал эми келе жаткан ишембиден тарта күн кайра жылыйт. Алсак, күндүз температура нөл градуска жакын болот. Жекшембиде күндүз плюс градусту көрсөтөт, түнкүсүн -3 -4кө градус гана суук болот.