Кыргызстанда электр энергиясынын тарифтери эми жыл сайын инфляцияга жараша өзгөрүп турат

Кыргызстанда электр энергиясынын тарифтери эми жыл сайын инфляцияга жараша өзгөрүп турат. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев жарыялады.

 

Ал эске салгандай, өткөн жылы инфляция 13,9 пайызды түзгөн. Ага ылайык, электр энергиясынын тарифи 23 тыйынга кымбаттаган. Кийинки жылы товар жана кызматтардын баасы кандай өзгөрөт азырынча белгисиз.

 

Электр энергиясына тариф бир киловатт-саатына 15-30 тыйынга көтөрүлүшү мүмкүн, — деди Ибраев.