Араван районунун Тою-Моюн айылында 9 жылдан бери курулуп жаткан мектеп колдонууга берилди

Араван районунун Тою-Моюн айылында 9 жылдан бери курулуп жаткан мектеп колдонууга берилди.

 

Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришти. Ведомство маалыматына ылайык, социалдык объекттин жалпы аянты 1 миң 780 чарчы метрди түзөт.

 

Мектеп 225 окуучуга чакталат. Анда окуу класстарынан тышкары физика, химия сабактары үчүн лабораториялар, медициналык пункт, китепкана, ашкана жана концерттик залы бар.