Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына 7 миллиондон ашык билет сатылды

Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына 7 миллиондон ашык билет сатылды. Бул тууралуу эл аралык олимпиада комитетинин расмий өкүлү Марк Адам билдирди.

 

Каалоочулар үчүн дагы 3 миллиондой билет жеткиликтүү. Алар ушул айда сатыкка чыгат. Спорттук иш-аранын ачылыш аземине билеттердин баасы 90 евродон башталып, 2 миң 700 еврого чейин жетет. Эске салсак, жайкы Олимпиада оюндары Парижде 2024-жылдын 26-июлунда старт алып, 11-августка чейин уланат.