Экономика министрлиги көчөдө соода кылгандарды дагы кассалык-көзөмөл аппараттарын колдонууга милдеттендирүү ниетинде

Экономика министрлиги көчөдө соода кылгандарды дагы кассалык-көзөмөл аппараттарын колдонууга милдеттендирүү ниетинде. Ведомствонун токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

 

Документте жазылгандай, көчөлөрдө мөмө-жемиш, улуттук жана муздак суусундуктарды, сүт продукциясын, гезит-журналдарды жана башка товарларды саткандар кийинки жылдын 1-январынан тарта кассалык-көзөмөл аппараттарын орнотуп, колдонушу керек.