Армениянын президенти Армен Саркисян отставкасын жарыялады.
Анын айтымында, мындай кадамга барууга кризис учурунда саясатка
таасир этүү үчүн ага берилген ыйгарым-укуктар жетишсиз болду.
Саркисян мурда премьер-министр, ага чейин Британиядагы элчи болгон.
Жогорку кызматка 2018-жылы мартта 7 жылга шайланган.
Анын ордун ким басары азырынча белгисиз.