Стамбул аэропорту бороонго байланыштуу убактылуу жабылды

Түркиядагы аба ырайына байланыштуу Стамбул эл аралык аэропортундагы бардык аба каттамдары убактылуу токтотулду. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы «Твиттер» аркылуу билдирди.

«Түрк аба жолдору» да Стамбул аэропортундагы бардык иш-аракеттерин 25-январь саат 4:00гө чейин токтотууну чечкенин авиакомпаниянын басма сөз кеңешчиси Яхя Үстүн «Твиттерге» жазды.

Анда Стамбул шаарында кар жана ызгаардуу бороон күч алганы, мындай чечим жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынганы айтылат.

Соңку күндөрү Түркиянын айрым аймактарында калың жааган кардан улам өрөөндөрдү байланыштырган жолдор жабылып, учак рейстери токтотулган.

Өлкөнүн ири шаарларынын губернаторлору жарандарды зарыл иштери болбосо, көчөгө чыкпай туруусун өтүнгөн билдирүү таратып жатышат.