Астана – Бишкек аба каттамы жанданат.
Бул тууралуу казакстандык авиакомпания маалымдайт. Коңшу өлкөнүн ордо калаасынан Бишкекке учактар 2-майдан тарта аткарылып баштайт.
Туруктуу каттамдар жумасына эки ирет – шейшемби жана ишемби күндөрү жүргүзүлөт. Учуу убактысы 1 саат 45 мүнөттү түзөт. Эске салсак, Астана – Бишкек аба каттамы өткөн жылдын июнь айында кое берилип, бирок кийин белгисиз себептерден токтотулган болчу.