Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүү декларациясына кол коюлду

Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүү декларациясына кол коюлду. Бул тууралуу президент администрациясынан билдиришти.

 

Тараптар ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөдө кызматташууну жакшыртуу, айыл чарба, өнөр жай, энергетика, жашыл, креативдүү экономика, транспорт, санариптештирүү, соода, кен казуу жана текстиль өнөр жайы, билим берүү тармактарында өз ара кызматташууну макулдашты.

 

Белгилеп кетсек, Садыр Жапаров учурда расмий сапары менен Венгрияда жүрөт.