Бишкек шаардык соту 11-августта Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековго
карата баш коргоо чарасын өзгөртпөй, биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырды.
Соттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ал 30-сентябрга чейин УКМКнын
тергөө абагында кармалат. Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин экс-депутаттары
Исхак Пирматов, Талантбек Узакбаев, Өмүрбек Бабанов, учурдагы депутаттар
Төрөбай Зулпукаров, Асылбек Жээнбеков “Кумтөр” иши боюнча кармалган.
Мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев дагы камакка алынган.
УКМК “Кумтөргө” байланыштуу 4 кылмыш ишин иликтөөдө.