Кыргызстанга COVIDге каршы вакцина алганын тастыктаган сертификаты бар
20 өлкөнүн туристтери келе алышат. Бул тууралуу Туризм департаментинин
директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдирди. Анын айтымында,
бул өлкөлөрдүн сертификаттары Кыргызстанда таанылган. Буга чейин башка
өлкөлөрдөн дагы эмдөө сертификаттарынын үлгүлөрүн бекитүү боюнча
документтер келип түшкөн. Учурда алар каралууда.