Австралияда колукту анын үйлөнүү тоюна келбей калган конокторго айып салды

Австралияда колукту анын үйлөнүү тоюна келбей калган конокторго айып салды. Салтанат коңшу штатта өтмөк. Бийкеч тойду өткөрүү үчүн баштапкы төлөмдү берип койгон.

 

Бирок бир жума калганда 10 адам тойго келе албай турганын билдиришкен. Буга жини келген колукту аларга келбесе дагы, акча жөнөтүшү керектигин билдирди. Айрымдары мындай талапты туура кабыл алса, кээ бирлери тойдун чыгымы аларга тиешеси жоктугун айтышты.