Кыргызстандын билим берүү тармагын өнүктүрүүгө ИӨБ 100 млн доллар берет

Кыргызстандын билим берүү тармагын өнүктүрүүгө Ислам өнүктүрүү банкы 100 миллион доллар берет.

Мындай макулдашууга Чолпон-Атада өткөн Араб координациялык тобунун IV кеңешмесинде жетишилгенин билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, каражаттын 15 миллион доллары грант, 85 миллион доллар төмөнкү пайыздагы насыя катары берилет.

Бул каражатка 45 миң балага бала бакчалар салынат, дагы 45 миң бала окуй турган жаңы мектептер курулат.