Азык-түлүккө болгон баалар Кыргызстанда гана эмес, жалпы дүйнөдө кымбаттап жатат

Азык-түлүккө болгон баалар Кыргызстанда гана эмес, жалпы дүйнөдө кымбаттап жатат. Бул тууралуу Монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктин директору Шухрат Сабиров билдирди.

 

Анын айтымында, буга сырьенун биржалык наркы көтөрүлгөнү себеп. Ал эми биздин өлкө импортко көз каранды. Алсак, өлкө суу май менен өзүн 15 пайызга гана камсыздайт, калган көлөм чет мамлекеттен келет.

 

Ошондой эле сомдун доллар жана еврого карата арзандаганы дагы таасирин тийгизди.

 

Анткени, импорттолгон товар доллар менен төлөнөт. Курстун көтөрүлгөнү, өлкөдө азык-түлүк баасынын кымбатташын да алып келет, — деди чиновник.