Азык-түлүккө муктаж адамдардар үчүн атайын портал ишке кирди

Азык-түлүккө муктаж адамдардар үчүн атайын портал ишке кирди. Жарандар tunduk.kg порталына кирип, жардам алууун жол-жоболору менен таанышып, арыз калтыра алат.

 

Аларды республикалык жардам штабы карап чыгып, андан ары жергиликтүү өз алдынча башкаруу мекемелери жарандын маалыматын тактайт.

 

Порталда белгиленгендей, жардам алуу үчүн аз камсыз болгон үй-бүлө катары каттоодо болушу, пенсионер болсо пенсиясынын көлөмү минималдык керектөөдөн аз экендиги жана башка бир катар эрежелер көрсөтүлгөн.