Жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку упайларга ээ болгон бүтүрүүчүлөр сертификаттарын бүгүн президенттин колунан алышат

Жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку упайларга ээ болгон бүтүрүүчүлөр сертификаттарын бүгүн президенттин колунан алышат. Алтын сертификаттарды тапшыруу аземи ушул мүнөттөрдө Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында башталууда.

 

Иш-чара санитардык талаптарды сактоо менен уюштурулуп, катышуучулар алдын ала ПЦР-тест тапшырды.

 

Эске салсак, быйыл ЖРТнын алтын сертификатына 58 бүтүрүүчү ээ болду.