“Жамийла” повести боюнча кыргыз-швейцариялык көркөм тасма тартылат

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла” повести боюнча кыргыз-швейцариялык көркөм тасма тартылып,

калемгердин туулган күнүнө карата көрүүчүлөргө тартууланат. Бул тууралуу 28-апрелде “Азаттык” радиосуна

фильмдин продюсери, “Дан” продюсердик борборунун жетекчиси Паризат Жакыпбекова билдирди.

Анын айтымында, жаңыча тартыла турган чыгарманын сценарийин драматург жана

киносценарист Керез Зарлыкова жазды.  Учурда тасманы тартууга даярдык көрүлүүдө.

Ролдорду кыргызстандык жана өзбекстандык актерлор ойношот, алардын курамы май айында жарыяланат.

Фильм Талас, Ысык-Көл жана Чүй облустарында тартылат. Коюучу режиссеру — Элдар Турдумамбетов.

Тасманын Швейцария тараптан продюсери Кайрат Биримкулов болот, каржылоо эки тараптан бирдей жүргүзүлөт.

Кыргызстандын “Дан” продюсердик борбору буга чейин Өзбекстандын “Узбеккино” улуттук агенттиги менен бирге

Чыңгыз Айтматовдун “Делбирим” («Кызыл жоолук жалжалым») повестинин негизинде тасма тарткан.

Айтматовдун «Жамийла» повести боюнча алгачкы тасманы 1968-жылы советтик кинорежиссер Ирина Поплавская тарткан.

Анда башкы ролдорду Наталья Аринбасарова, Сүймөнкул Чокморов ойношкон. 1994-жылы

Кыргызстан-Германия-АКШ кызматташтыгы менен да бир тасма тартылган.