Бүгүн Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат

Бүгүн Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Оман командасы менен ойнойт.

 

Андан улам, күндүзгү саат 2ден түнкү 10го чейин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун айланасында жол кыймылы чектелет.

 

Алар Тоголок Молдо, Фрунзе, Панфилов көчөлөрү жана Чүй проспектисинин бир бөлүгү.