Кыргызстандыктар көбүрөөк чакан кредит алып баштады

Кыргызстандыктар көбүрөөк чакан кредит алып баштады. Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында кичи насыялоочу компаниялар тарабынан 533 миң адамга 37 миллиард сомго кредит берилген.

 

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, көрсөткүч 29 пайызга көбөйдү.

 

Насыя алгандардын көбү Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарына туура келет. Чакан кредиттер жалпы керектөөлөргө, айыл чарбасын өнүктүрүүгө, соода жана курулуш тармактарына берилген.