Электр энергиясын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн дизелдик генераторлор сатылып алынды

Электр энергиясын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн дизелдик генераторлор сатылып алынды. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, кубаттуулугу  120 киловатт болгон генераторлор Бишкекке жана 7 облуска бөлүштүрүлөт.

 

Алар жогорку чыңалуудагы көмөк чордондордо жана электр тармактарда оңдоо иштерин жүргүзүүдө колдонулат. Ошондой эле аба чубалгылары жок болгон учурда талаада көчмө энергия булагы катары кызмат кылат. Бул генераторлор бышык, узак мөөнөттүү, үзгүлтүксүз иштөөгө ылайыктуу. Аларды сатып алууга дээрлик  11 миллион сом багытталды.