Бүгүн Талас жана Чүй облусунда директорлор тестирлөөдөн өтүшүүдө

Бүгүн Талас жана Чүй облустарында мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына талапкерлер тестирлөөдөн өтүшүүдө.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, Талас облусунда 44, Чүйдө 146 бош орун бар.

Белгилеп кетсек, президенттин жарлыгына ылайык, жаңы окуу жылына карата 966 мектепте директорлор алмаштырылышы керек, анткени алар 5 жылдан ашык иштеген.

Тестирлөө буга чейин Баткен, Жалал-Абад облустарында жана Ошто өттү.