Түндүк-түштүк альтернативдүү жолу 2024-жылы аяктайт

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолу 2024-жылы аяктайт.

Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, учурда аталган жолдун 159-183-чакырымына асфальтобетон төшөлдү жана 25 даана суу өткөрүүчү түтүктөрдүн курулушу бүткөрүлдү. Ошондой эле эки көпүрөдө жана 10 суу өткөрүүчү түтүк боюнча жумуш жүрүүдө.

Курулуш иштерине түзүлгөн келишимдин баасы дээрлик 18 миллион долларды түзөт.

Бүгүнкү күнгө 7,5 миллион доллар сарпталды.