Бүгүн Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоонун соңку күнү

Бүгүн Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоонун соңку күнү. Билим берүү министрлигинен эскертишкендей, тестирлөөнүн өзү 24-ноябрдан 30-ноябрга чейин өтөт.

 

Ага орто жана орто кесиптик билими бар жана учурда жогорку окуу жайларында окубаган адамдар каттала алышат. Күзгү тандоо окуунун контракттык формасы боюнча гана жүргүзүлөт.