Бүгүнтөн тарта Боомдогу жол маал-маалы менен жабылат

Бүгүнтөн тарта Боомдогу жол маал-маалы менен жабылат.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынан маалым болгондой, Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун 129-чакырымында 30-майдан 3-июнга чейин таш түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

Жол эртең мененки саат 9дан түшкү 3кө чейин жабык болот.

Эгер 30-40тан ашык унаа топтолсо таш кулатуу иштери токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат.

Мындай жумуштар таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлөт.