Республиканын бардык мектептеринде 1-класска документтер кабыл алынууда.
Билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүров билдиргендей, учурда
ар бир мектепте санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы жергиликтүү
бийлик органдары менен биргеликте окутуунун форматын аныктоо үчүн маниторинг
жүргүзүп жатышат. Жергиликтүү бийлик демөөрчүлөр менен биргеликте муктаж
үй-бүлөлөрдүн балдарын телевизор жана уюлдук телефондор менен камсыздашууда.
Ошондой эле ар бир мектеп санитардык нормаларды сактоо менен
окуу китептерин 25-августка чейин берүүгө милдеттүү.