Кыргызстанда айрым айылдардын аталышын өзгөртүү демилгеси Жогорку Кеңеште биринчи окууда колдоо тапты

Кыргызстанда айрым айылдардын аталышын өзгөртүү демилгеси Жогорку Кеңеште биринчи окууда колдоо тапты.

 

Министрлер кабинети Баткен облусундагы Көтөрмө айыл аймагын Молдо Нияз, Назаралиев айыл аймагын Үч-Коргон, Деш айылын Тынчтык, Дукур айылын Достук, Чек айылын Ынтымак деп өзгөртүүнү сунуштады.

 

Ошондой эле Ысык-Көл облусундагы Комсомольское айылына Кытай, Семеновский айыл аймагына Кожояр, ал эми Семеновка айылына Кожояр-Ата аталыштарын берүү пландалып жатат. Чечим жергиликтүү калк менен сүйлөшүүлөрдөн кийин, улуттук идеологияны бекемдөө максатында кабыл алынды.